Ця новина додана читачем. Редакція не має відношення до даного матеріалу

Соцсети

Президент «Казакты» үй камагына чыгарган судьяны кызматтан алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту.

Об этом сообщает http://cardex.city

Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка 17-январда кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Сулайманованы кызматтан алууну президентке Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы сунуштаган.

Буга судья Айнура Сулайманова баңгизатка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын ишин кароодо иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизанын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Азаттык тиркемеси
Азаттык Телеграмда
Азаттык Инстаграмда

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка жыгылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө аталган өкүм күчүнө кирген.

Ал эми Сулайманованы жумуштан алууну Тартип комиссиясына Ош шаардык прокуратурасы сунуштаган. Аталган комиссия бул маселени былтыр декабрь айында карап, аны кызматтан бошотууну колдогон.

Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Айнура Сулайманова быйыл 8-январда «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» «Казак» деген каймана ат менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарганы менен белгилүү. Бул коомчулукта сынга кабылып, айрым депутаттар судьянын жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн. (BTo)



Источник: “https://www.azattyk.org/a/30382418.html”

Новости читателей

Кожедый желающий может добавить свою новость или материал на сайт.

ДОБАВИТЬ